Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды Улукбек Марипов тосуп алды. Сүрөт

Ал 10-сентябрда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмеси менен кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келгенин өкмөттөн кабарлады.

Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды Улукбек Марипов тосуп алды. Сүрөт

Белгилей кетсек, Фуат Октай Бишкекте боло турган соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-кеңешмеси менен кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышат.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар өтүп, документтерге кол коюлат жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.