Доллар бара-бара өз күчүн жоготуп регионалдык валютага айланып калат. Буга бир нече себеп бар экенин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, Батыш экономикасы учурда чоң кризиске кептелүүдө.
"Учурда долларга байланыштуу тобокелчиликтер курчуп жатат. Алдыда мындан да көбөйүшү мүмкүн. Жүрүп отуруп доллар да, евро да регионалдык эле валютага айланып калат. Анткени Кытай өзүнүн валютасы менен бир чоң экономикалык аймак болот. ЕАЭБ бирдиктүү валютага өтүп, өзүнчө экономикалык зонага айлана алат. Евразия экономикалык уюмунун өсүшү Россиянын экономикасы менен тыгыз байланышта. Мисалы, учурда Россия Америка тарабынан коюлган ар кандай экономикалык санкцияларга карабай бюджетин профицит менен кармап келе жатат. Ал эми ушул эле убакта батыш өлкөлөрү, Америка болуп көрбөгөндөй чоң кризиске туш болууда. Буга бир эле пандемия себеп эмес, коронавирустук абал жөн гана шылтоо. Алып карай турган болсок, соңку жүз жылда Батыштын, Американын улуттук банктары 4 триллион доллар сыртка чыгарышкан. Ал эми соңку 1,5 жылда бул каражаттын көлөмү 11 триллионго жеткен. Мындай мисалдар көп. Андыктан доллардын доору бүтүп баратат",— деди Мамытов.
Экономист өз кезегинде Кыргызстан да доллардан акырындап баш тартуу менен көз карандылыктан арылышы керектигин кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: