Кургакчылыктан улам быйыл дан эгиндеринин түшүмү 46 пайызга азайды

Маалымат 23-августка карата берилип, ага чейин 380 миң гектар аянттан 536 миң тонна дан жыйналганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Быйыл дан эгиндеринин (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) түшүмдүүлүгү былтыркыга салыштырмалуу 46,8 пайызга азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалымат 23-августка карата берилип, ага чейин 380 миң гектар аянттан 536 миң тонна дан жыйналганы айтылат. Өлкө боюнча дан эгиндеринин 66 пайызга жакын аянты орулуп бүткөн.

"Үстүбүздөгү жылдын жайында аномалдуу жогорку температура жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө алып келди", — деп айтылат маалыматта.

Тагыраак айтканда, өткөн жылга караганда буудайдын түшүмдүүлүгү 45,5, арпаныкы 55,2, картошканыкы 10,1, бакча өсүмдүктөрүнүкү 6,7, мөмө-жемиштердики 6,5 жана жашылчанын түшүмдүүлүгү 2,4 пайызга кыскарган.