ИИМдин Чүй менен Таластагы бөлүмдөрүнө жаңы автоунаалар берилди. Сүрөт

Чүй менен Талас облустарынын райондорунда транспорт жетишсиз болгондуктан 10 автоунаа сатып алынды. Бүгүн ИИМ жетекчисинин катышуусу менен машиналар аймактарга бөлүштүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Чүй менен Талас облустарынын райондорундагы бөлүмдөрүнө жаңы автоунаалар берилди. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Маалыматка караганда, Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 10 машина милициянын аймактык бөлүмдөрүндөгү транспорт жетишсиздигин жоюу үчүн сатып алынган.

Автоунаалар төмөнкү райондорго бөлүштүрүлдү:

  • Талас облусу
  • Манас району;
  • Кара-Буура району;
  • Талас району;
  • Бакай-Ата району;
  • Талас шаары.
  • Чүй облусу
  • Кемин району;
  • Чүй району;
  • Аламүдүн району;
  • Панфилов району;
  • Токмок шаары.