БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Чүйдө балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу үчүн инспекторлор бир айлык иш-чара өткөрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББ кабарлады.
Балдарга сак бололу! Чүйдүн инспекторлору айдоочуларга эскертүү бере баштады
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
Кызматкерлер коомдук транспорттун айдоочуларына жол эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кичи автобустардын маңдайына "Көңүл бургула, балдар!" аталышындагы баннерлерди илишкен.
Ошондой эле 15-сентябрдан 20-сентябрга чейин коомдук транспорттун айдоочулары балдарды Чүй облусунун аймагында бекер ташыган акция өткөрүшөт.