Бишкектеги кыргыз-түрк форумуна 300дөн ашуун компания катышты

Эки өлкөнүн ишкерлери энергетика, айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы тармактары боюнча маселелерди талкуулады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында Кыргызстан — Түркия бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ишкерлердин жолугушуусуна министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.

Кыргызстан Түркия менен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштоодо. Видео
Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250дөй ата мекендик жана 90дон ашуун түркиялык компания өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Марипов бир тууган Түркия менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди жана инвесторлорду өлкөгө чакырды.

Өз кезегинде Октай Түркия да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр экенин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө аталган форумдун маанилүүлүгүн белгиледи.