Бишкектин оңдолуп бүткөн 11 көчөсү айдоочулар үчүн ачылды. Тизме

Кыймыл үчүн ачылган көчөлөрдүн төртөө толугу менен оңдолуп бүтсө, жетөөсүндө тротуарларды жакшыртуу иштери уланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкектин оңдолуп бүткөн 11 көчөсү айдоочулар үчүн ачылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 13,5 чакырым болду. Жол-курулуш иштери төмөнкү жерлерде соңуна чыкты:

  • Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махатма Гандиден Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
  • Ташкент көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
  • Каркыра көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушундагы Ак-Ордо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Дзержинский көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Баялиновго чейинки бөлүгү.

Жол тыгынын азайтуу үчүн төмөнкү көчөлөр дагы айдоочулар үчүн ачылат. Бул жакта капиталдык ремонт иштери жасалганы менен тротуарлары бүтө элек, иш улана бермекчи.

  • Карасаев көчөсүнүн Байтик баатырдан Юнусалиевге чейинки бөлүгү;
  • Стадионная көчөсүнүн Абдрахмановдон Ынтымак конушундагы Магистральная көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Буденный көчөсүнүн Чүй проспектинен Салиевага чейинки бөлүгү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеровдон Кулатовго чейинки бөлүгү;
  • Матросов көчөсүнүн Медеровдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү;
  • Шота Руставели көчөсүнүн Ахунбаевден Гагаринге чейинки бөлүгү;
  • Өмүракунов көчөсүнүн Фрунзеден Ашарга чейинки бөлүгү.