Жапаров Көлгө барып, Тыныстановдун эстелигине гүл койду. Сүрөт

Маалымат кызматы айыл аксакалдары Жапаровго мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалагандыгын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акын, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, мамлекеттик чыгаан ишмер Касым Тыныстановдун туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президенттик администрация быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жаткандыгын эске салды.

"Ушул эле жерде Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Маалымат кызматы айыл аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун айтып, Жапаровго мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалады деп билдирди.