Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Министрлер кабинетине элчиликтин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү тапшырмасы коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

"Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүү үчүн Будапешт шаарында Кыргызстандын элчилиги уюштурулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам министрлер кабинетине элчиликтин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү тапшырмасы коюлду.