Тапанча, ок-дары, жарылуучу зат... УКМК курал-жарак катылган жерди тапты. Сүрөт

Алдын ала маалымат боюнча, куралдар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн. Тергөө иштери уланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкектин аймагынан курал-жарак жана ок-дары катылган жер табылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Жашырылган жерден 1Ф-1 жарылуучу заты, 7,62 миллиметр калибрдеги ок-дарылар жана ПМ маркасындагы номери өчүрүлгөн тапанча алынган.

"Алдын ала маалымат боюнча, алынган курал жана ок-дары кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн", — деп айтылат кабарда.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Тергөө иштери уланууда.