Калтыратып... Россияда кенеден адамга жукчу кооптуу вирус аныкталды

Адистер азырынча вирустун тарап кетүү коркунучу жоктугун, бирок мутация болушу толук мүмкүн экенин айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар кенеден адамга жуга турган вирустун жаңы түрүн табышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 2014-жылы кытай окумуштуулары кенеден адамга жуга турган Jingmen tick virus (JMTV) аталышындагы вирусту аныкташкан. Жакында эле Роспотребнадзор мекемесинин "Вектор" илимий борбору ошол вируска окшош, кенеден адамга өтө турган дагы бир вирусту капысынан таап алышты.

"Вируска Ростов облусундагы Маныч дарыясынын аты берилип, илимий документтерде Manych деген ат менен каттоого алынды. Ал адамды кене чагып алган учурда жугат. Жыйынтыгында инфекциялык илдетти пайда кылып, денени калтырак басат", — деди аталган борбордун кызматкери Анастасия Гладышева.

Адистер азырынча вирустун тарап кетүү коркунучу жоктугун, бирок мутация болушу толук мүмкүн экенин айтууда.