Афганистандагы элчи Мирослав Ниязов кызматынан кетти

Ниязов аталган кызматка мындан эки жыл мурун март айында дайындалган. Маалыматта анын иштен өз ыктыяры менен кетип жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов ээлеген кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Афганистандагы элчи Мирослав Ниязов кызматынан кетти

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматта Ниязов ишинен өз ыктыяры менен кеткени айтылды.

Эскерте кетсек, элчи кызматына ал 2019-жылдын март айында дайындалган.