Кытай видео оюндарындагы аял сындуу эркектердин образына тыюу салды

Кытай өкмөтү аял сындуу эркек каармандар "коомдо терс тенденция жаратып жатат" деп эсептейт. Андыктан аларды пропагандалоого ар тараптан бөгөт койду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кытай бийлиги компьютердик оюндарды жасаган компаниялардын аял сындуу эркектердин образын жаратуусуна тыюу салды. Бул тууралуу France Press агенттиги жазды.

Кечээ, 8-сентябрь күнү, бийлик өлкөдөгү оюндарды жасоо менен алектенген ири ишканалар — Tencent жана NetEase компанияларынын өкүлдөрүн чакырып, бул тууралуу маалымат берди. Кытай өкмөтү аял сындуу эркек каармандар "коомдо тетири тенденция жаратып жатат" деп эсептейт.

"Зордук-зомбулукка үндөгөн, материалдык баалуулукту баарынан жогору койгон, ошондой эле кыздар сыяктуу үлбүрөгөн, назик эркектердин образындагы каармандар жок кылынышы керек. Бул талапты аткарбаган компаниялар жазага тартылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Гонконг университетинин доценти Гэн Сундун айтымында, жаштарга арналган оюндардагы назик эркектер өз эли-жерин коргой албачудай элес калтырат.

Агрессивдүү оюндарды көп ойногон бала кийин кылмышкер болобу
Мындан тышкары, компанияларга жашы жете элек балдар аптасына компьютердик оюндарды үч гана саат ойношуна мүмкүнчүлүк берүү шарттары коюлду.

Кытайда балдарга онлайн оюндарды ойноого августтун аягынан тарта чектөөлөр киргизилген. Эми өспүрүмдөр мындай оюндарды жума, дем алыш же майрам күндөрү саат 20:00дөн 21:00гө чейин гана ойной алат. Негизги максат — баланы көздүн көрүүсүнүн начарлашынан, интернет оюндардан көз карандуулуктан сактоо.

Ошондой эле Кытай бийлиги телеканалдардын аялга окшогон эркектер көрсөтүлгөн ар кандай шоу-программаларга чектөө койгон.