Радио

Исмаилов: Олимпиадага даярданууда өзгөрүүлөр болот

Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Нурлан Исмаилов Олимпиада оюндарында көп спорттун түрүнөн ийгилик жаратуу үчүн алгач спорттук базалардын курулушуна көңүл бурулушу керектигин айтты.
Sputnik

Кыргызстан окуу-машыгууларды өткөрүүгө климаты жагынан ыңгайлуу болгондуктан чет өлкөлүк спортчуларды да тосуп алганга шарт түзүп берсе болот. Мындай пикирин Нурлан Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Исмаилов: Олимпиадага даярданууда өзгөрүүлөр болот

Анын айтымында, дүйнө чемпионаттарындагы, Олимпиада оюндарындагы жетишкендиктерден кийин коомдо дене тарбия жана спортко болгон мамиле өзгөрө баштады.

"Жеке менин жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги максаты Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарында буга чейинки көрсөткүчтөрдөн бийик деңгээлге көтөрүлүү болуп саналат. Анткени Токиодогу оюндардагы балбандарыбыздын ийгилиги элдин спортко болгон мамилесин өзгөрттү. Мыкты ийгиликтерге жетүү үчүн машыгуу үчүн атайын спорттук базаларды курууга көңүл буруу зарыл. Мындан тышкары, Кыргызстан окуу-машыгууларды өткөрүүгө климаты жагынан ыңгайлуу болгондуктан чет өлкөлүк спортчуларды да тосуп алганга шарт түзүп берсек болот", — деди Исмаилов.

Ошондой эле адис спортчуларга стимул берүү максатында стипендиялардын көлөмүн көбөйтүү иштери да караларын кошумчалады.