Ысык-Көлдө ЖККУнун машыгуулары аяктап, иш-чара жыйынтыкталды. Сүрөт

Аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгууларына бир катар өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын аскердик атташелери көз салып турду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги ЖККУнун Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн аскердик машыгуусунун жыйынтыгын чыгарды.

Акыркы этап бүгүн "Эдельвейс" полигонунда болду. Катышуучулар биргелешкен антитеррордук операцияны, ЖККУга мүчө-мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылууга даярдык маселелерин иштеп чыгышты.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов белгилегендей, мамлекеттер машыгууга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча биргелешкен чоң иштерди аткарышты, иш-чара абдан жогорку деңгээлде өттү. Ал биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө салым кошуп, көп тараптуу аскердик алаканы кеңейтүүдө дагы бир маанилүү жана конструктивдүү кадам катары кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Ысык-Көлдө ЖККУнун машыгуулары аяктап, иш-чара жыйынтыкталды. Сүрөт

Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышып, 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылган. Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы жана "Орлан-10" учкучсуз аппараты бар.

Аскер күчтөрүнүн машыгууларына ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин, Түркия, Россия, АКШ, Казакстан, Индия, Улуу Британия, Германия, Франция, Япония, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү — Кызыл крест эл аралык комитетинин миссиясынын башчысы жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси көз салып турушту.

Иш-чара машыгууда өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерин сыйлоо жана салтанаттуу марш менен жыйынтыкталды.