БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Бангладештин тайпасын 3:2 эсебинде жеңди.
Жолдоштук беттеш Бишкекте Азия чемпионатына (U-23) тандоого даярдыктын алкагында өттү. Футболчулар Нурбек Жолдошевдин жетекчилиги астында ойноду.
Биринчи таймда эсепти Бангладеш ачты, бирок Кыргызстан бир аздан соң теңеп койду. Андан кийин кыргызстандыктар дагы бир гол киргизип, оюндун биринчи бөлүгү 2:1 менен аяктады. Экинчи бөлүктө улуттук курама команданын оюнчулары дагы бир топ киргизип, бангладештиктер көп өтпөй жооп кайтарган, анткени менен эсептен аша алышкан жок.
Буга чейин "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдеши өтүп, Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командалары катышып, Кыргызстан жеңүүчү болгон. Улуттук команда палестиналыктарды 1:0, ал эми бангладештиктерди 4:1 эсебинде уткан.