БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстанга Түркиядан 150 миң доза Sinovac вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Гумжардам катары берилген препарат 75 миң адамга жетет. Жүктү өткөрүп берүү иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиянын элчиси Садык Доган катышты.
"Бул вакцина 18 жаштан өйдө курактагы бардык каалоочуларга сайылат. Биринчи жана экинчи дозанын аралыгы эки-төрт жума", — деп айтылат маалыматта.
Sinovac-CoronaVac вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) тизмесине кирип, ДССУнун иммунизация боюнча Стратегиялык консультативдик тобунун экспертизасынан өткөн.