Бишкектен Кабулга элди эвакуациялоо үчүн учак жөнөтүлдүбү? Расмий жооп

Буга чейин чет элдик ЖМКлар Кабул аэропортуна Кыргызстандан барган учак конгонун, аны менен 200 кишини алып кетүү пландалганын жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги Кабул шаарынан чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн аскердик учак учуп кетти деген маалыматты төгүндөдү.

Афганистандагы элчи Мирослав Ниязов кызматынан кетти
Буга чейин чет элдик ЖМКлар Кабул аэропортуна Кыргызстандан барган учак конгонун, аны менен 200 кишини алып кетүү пландалганын жазышкан.

Жарандык авиация агенттигинин маалымат кызматынан Кыргызстандан Кабулга бир дагы аба кемеси жөнөтүлбөгөнүн кабарлады. Ал ортодо Катар өлкөсүнүн Al Jazeera телеканалы Кабул аэропортуна АКШнын 200гө жакын жаранын алып чыгуу үчүн Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын борту конгонун жазды.