Токаев: Казакстан Афганистандын жаңы бийлиги менен кызматташууга даяр

Токаев Афганистан стабилдүү, суверендүү, бирдиктүү, өз ара жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган өлкөгө айланышы керектигин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Казакстан Афганистандын жаңы бийлиги менен гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн конструктивдүү байланыш түзүүгө даяр. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

Өлкө лидери чет элдик элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Афганистан боюнча кеп козгогон. Президенттин сөзүн маалымат катчысы Берик Уали Facebook баракчасына жарыялаган.

"Башынан көп азап өткөргөн мамлекеттин гуманитардык көйгөйлөрүн чечүү максатында жаңы бийлик менен конструктивдүү байланыш түзүүгө даярбыз", — деген Токаев.

Ал ошондой эле Афганистан стабилдүү, суверендүү, бирдиктүү, өз ара жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган өлкөгө айланышы керектигин белгилеген.

"Казакстан сиздердин мамлекет менен зомбулукту, баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн, көзөмөлсүз миграцияны алдын алуу максатында кызматташууга даяр. Эл аралык коомчулук ушул өткөөл мезгилде Афганистанды көз жаздымда калтырбашы керек", — деди Токаев.

Өзбекстан "Талибан"* түзгөн өкмөттү колдоп, кызматташарын айтты
Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Панжшер провинциясы Афганистанда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз аймак болчу. Бирок 6-сентябрда талибдер бул аймакты да толугу менен көзөмөлүнө алганын жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.