Бүгүн Бишкекте дагы бир футболдук мелдеш өтөт

Буга чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы Палестина жана Бангладеш командаларын утуп, жолдоштук мелдештин чемпиону болгон. Эми олимпиадалык курама команда күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 9-сентябрда, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык командасы беттешке чыгат. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы менен Бангладеш командасы кез келет. Беттештин жыйынтыгы жолдоштук мелдешке киргизилбейт.

Жакшы оюн көрсөттүңөр! Жапаров футболчуларды куттуктап, белекке топ алды. Видео
Командалар буга чейин да беттешкен. Февраль айында Непалда өткөн оюнда башкы машыктыруучу Нурбек Жолдошевдин шакирттери 1:0 эсебинде утулган болчу.

Бүгүнкү оюнга билеттер стадиондун кассаларында жана www.iticket.kg сайтында сатылууда.

Эске салсак, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдеши 2-сентябрдан бери өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командалары катышып, Кыргызстан жеңүүчү болгон. Улуттук команда палестиналыктарды 1:0, ал эми бангладештиктерди4:1 эсебинде уткан.