Трамп мушкерлер Холифилд менен Белфорттун беттешине комментаторлук кылат

UFC уюмунун экс-чемпиону, 44 жаштагы Белфорт менен кесипкөй бокс боюнча эки дивизиондун чемпиону, 58 жаштагы Холифилддин беттеши 12-сентябрда Флоридада өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп UFC уюмунун экс-чемпиону Витор Белфорт менен бокс легендасы Эвандер Холифилддин беттешине комментаторлук кылат. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

UFC уюмунун орто оор салмактагы экс-чемпиону 44 жаштагы Белфорт менен кесипкөй бокс боюнча эки дивизиондун чемпиону 58 жаштагы Холифилддин беттеши 12-сентябрда Флоридада өтөт. Кармаш бокс эрежеси боюнча болору айтылды.

"Дональд Трамп Sky News маалымат булагына берген комментарийинде ишемби күндөгү беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Холифилд буга чейин Майк Тайсон менен беттешүүнү макулдашкан болчу. Бирок ал беттеш Тайсондун айынан болбой калган.