COVID болгондордун арасында күчтүү иммунитет иштелип чыгары аныкталды

Адистер айрым адамдардын иммундук системасы вирусту эстеп калары жана ал кантип мутация болорун алдын ала турганын айтышат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккандардын арасында инфекцияны кайра жуктурганда катуу туруштук бере турчу иммунитет иштелип чыгат. Мындай тыянакка Американын вирусологдору изилдөөдөн кийин келгенин Daily Mail жазды.

Окумуштуулар муну "адамдан тыш" же "гибриддик" иммунитет деп аташкан. Бул учурда иммундук система вирусту "эстеп" калары жана ал кантип мутация болорун алдын ала турганы айтылат.

Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты
Адистер мындай иммунитет коронавирустан айыккандардан сырткары вакцина алгандарда пайда болорун кошумчалаган.

Иммунолог Шейн Кроттинин айтымында, табигый иммунитет жаралгандан кийин организм COVID оорусун болтурбоо үчүн тоскоолдуктарды түзөт. Адатта табигый иммунитет жети же сегиз айга чейин коргойт. Бир жылдан кийин деле адамда антитело болот, бирок ар кандай штаммдарга туруштук бере албайт. Эгерде адам табигый иммунитети барда вакцина алып алса коронавирустун "эс тутумун" жакшыртары белгиленет.