Бишкекте "Транзит" аталышындагы рейд жүргүзүлөт. Максаты

Эреже бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү кодекс боюнча протокол түзүлөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте 9-11-сентябрь аралыгында "Транзит" аталышындагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу милициянын Кайгуул күзөт башкармалыгы билдирди.

Рейд транспорттук дисциплинаны күчөтүү үчүн жасалмакчы.

"Транзит" рейди чет элдик жана транзиттик номер тагып жүргөн айдоочуларды, ошондой эле башка эрежелерди бузгандарды аныктоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Эреже бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Эреже бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык протокол түзүлөрү белгиленди.