Бишкектин айрым жерлеринде газ бир жумага өчүрүлөт. Даректери

"Газпром" ишканасы кызматкерлер бул аралыкта илгери ишке берилген жер алдындагы газ өткөргүчтү оңдой турганын айтып, тургундардан кечирим сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбор калаанын айрым көчөлөрүнүн кесилишинде жаратылыш газы 13-сентябрдан 20-сентябрга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Кызматкерлер бул аралыкта Фучик көчөсүндө 1971-жылы ишке берилген жер алдындагы газ өткөргүчүн оңдошот.

Көгүлтүр от берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • Толстой, ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Баетов, Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
  • Кызыл-Аскер, Керемет, Касым, Аска-Таш, 110-квартал, Балбан-Таймаш, Достук жаңы конуштарында.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштады.