Жапаров суучул Шуликонун рекордун каттатуу үчүн 500 миң сом бөлдү

Владислав Шулико август айында Каракол пристанынан Балыкчыга чейин 181 чакырымды багындырган. Спортчуну бул ийгилиги менен мамлекет башчы телефон аркылуу куттуктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров суучул, Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өткөн Владислав Шулико менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып жатты", — деди Жапаров.

Аны менен катар президент Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирүү үчүн каражаттын тартыштыгынан кабардар экенин билдирди.

Жапаров суучул Шуликонун рекордун каттатуу үчүн 500 миң сом бөлдү

Жапаров мамлекет активдүү жаштарды колдоого алууга милдеттүү экенин айтып, өзүнүн фондунан 500 миң сом бөлдү.

Өз кезегинде суучул президентке моралдык жана материалдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жапаров суучул Шуликонун рекордун каттатуу үчүн 500 миң сом бөлдү
"Алдыма ушундай татаал тапшырма койгондо анын ишке ашарына анчалык ишенген эмесмин. Бирок сүзүп баштагандан кийин мен токтоно албай, өзүмө рекорд коём деп сөз бергем. Анткени президент, бүт өлкө мага ишенип, күтүп жатты. Биздин эл өтө ынтымактуу", — деди ал.

Эске салсак, Шулико август айында Каракол пристанынан Балыкчыга чейин 181 чакырымды багындырган. Спортчуну бул ийгилиги менен мамлекет башчы телефон аркылуу куттуктаган.