20 млн. сом зыян келтирген. Бишкек менен Чүйдө майнинг-фермалар аныкталды. Видео

УКМК бул ишке "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлеринин да тийиштиги бар экенин билдирди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек менен Чүй облусунун аймагында иштеп жаткан майнинг-фермалар аныкталганын УКМК билдирди.

Ага ылайык, 4-сентябрда "Бишкек" ЭЭАнын аймагында 200 даана майнинг аппараты бар контейнер табылган. Ал эми кечээ, 7-сентябрда, Бишкек менен Чүйдө жыл башынан бери мыйзамсыз иштеп жаткан эки майнинг-ферманын 500 даана аппараты аныкталган.

Алдын ала маалымат боюнча, майнинг-фермалар электр энергиясын уурдоо менен мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирген.

УКМК бул ишке "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлеринин да тийиштиги бар экенин билдирди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.