БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук базардын ичинде жайгашкан кездеме дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 20:19да бир бөлүм тартылып, кийин алардын саны беш бөлүмгө жеткен.
Андан тышкары, бир суу ташыган машина, 20 милиция кызматкери, электриктер бригадасы, Тез жардам кызматы жана куткаруучулар чакырылган.