БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 97 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну 166 киши жеңип чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары - 47;
- Ош шаары - 3;
- Чүй облусу – 22;
- Ош облусу - 2;
- Талас облусу - 2;
- Нарын облусу - 3;
- Ысык-Көл облусу – 11;
- Жалал-Абад облусу – 3;
- Баткен облусу - 4.
Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 176 779га жетти. Ал эми сакайып чыккандар 170 911ди түздү.
Тилекке каршы, COVID-19 акыркы суткада төрт адамдын өмүрүн алып, көз жумгандардын саны 2 561ге жетти.
Ооруканада 721 бейтап жатат, 1134 киши үй шартында дарыланууда.