Бензин эмне үчүн Казакстанда бизге салыштырмалуу арзан? Түшүндүрмө

Ушул тапта Кыргызстан дээрлик бардык күйүүчү майды Россиядан алат. Бирок келечекте Казакстандан алып келүү жолдору дагы каралып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Казакстандын бийлиги нефть иштетүүчүлөргө колдоо көрсөтүп жаткандыктан коңшу өлкөдө күйүүчү майдын баасы айрым учурда өз наркынан төмөн сатылууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди.

Журналисттер ага айдоочулардын Казакстандагы баалар Кыргызстанга салыштырмалуу арзан деген билдирүүсү боюнча суроо беришти.

Эшатов мунун бир нече себебин атады:

  • Казакстандын өзүндө нефть чыккан соң өлкө керектүү көлөмдү эркин колдоно алат;
  • Казакстандагы бардык нефть иштетүүчү заводдор модернизациядан өткөн, кубаттуулугу жогору;
  • Бааларды бийлик көзөмөлдөйт. Тагыраак айтканда, чекене бааларды дагы өз наркынан төмөн коюп кое алат. Ошол эле учурда нефть сатуунун эсебинен нефть иштетүүчүлөргө компенсациялап берет.

Эшатовдун айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда пошлинасыз күйүүчү май алуу боюнча келишим төрт жылдан бери талкууланып жатат, бирок ушул убакка чейин кол коюла элек. Мурда Казакстанда экспорттук пошлина бир тонна бензин үчүн 170 доллар турчу. Андыктан ал жактан күйүүчү май алуу пайдалуу эмес эле. Бирок былтыркы жылдын ортосунда өздөрүндө ашыкча продукция пайда болуп, экспорт үчүн пошлинаны алып салышкан. Ошондон кийин коңшуларына күйүүчү май сатып алууну сунушташкан.

Бензин эмне үчүн Казакстанда бизге салыштырмалуу арзан? Түшүндүрмө
"Ошол учурда сөз боло баштаганда Казакстан бааларын Россиянын нефть өндүрүүчү заводдорунун баасына теңеп койгон. "Кечирип койгула, ички рынок үчүн саясатыбыз башка, экспортко базар баасы менен чыгарабыз" дешкен. Россия менен бааларды салыштырып көрдүк. Жалгыз айырмасы — жолдун узактыгы. Россиядан 1,5 миң чакырым, Казакстандан 300-400 чакырым", — деди Эшатов.

Ал казак тарап баа саясатын келишимге кол коюлгандан кийин талкуулоону сунуштап жатканын кошумчалады.

Эң көп сатылган унаалардын наркы кандай өзгөрдү. Базар баасына талдоо
"Жок эле дегенде логистиканын эсебинен баа 1-1,5 сомго төмөнүрөөк болору маалым. Баа саясатын талкуулап жатканда кандайдыр бир жеңилдиктер болоруна үмүт кылабыз. Анткен менен былтыркы жыл Казакстан өз кызыкчылыгын көздөй турганын көрсөттү", — деди ал.

Эске салсак, ушул тапта Кыргызстан дээрлик бардык күйүүчү майды Россиядан алат.