Индонезиянын түрмөсүндөгү өрттөн бери дегенде 40 киши каза болду

Өрт Бантен провинциясында түнкүсүн чыккан. Абактагылар азыркыга чейин эвакуацияланып жатат. Кырсыктын себеби такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Индонезиянын абак жайында катталган өрттөн кеминде 40 киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция жана адам укуктары министрлигинин Түрмө департаментинин маалымат катчысы Рик Априант билдиргенин РИА Новости жазды.

Франс-Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, окуядан 41 адам көз жумган. Дагы сегиз адам катуу жабыркап, 72 киши жеңил жаракат алышкан.

Өрт Бантен провинциясында түнкүсүн чыккан. Түрмөдөгүлөр азыркыга чейин эвакуацияланып жатат.

Кырсыктын себеби такталууда.