Президенттин деми, жаштардын сүйүүсү. Кыргызстан-Бангладеш футболдук мелдешинен сүрөттөр

Sputnik

Жолдоштук беттешке өлкө башчы Садыр Жапаров күбө болуп, кыргызстандык футболчулар да мыкты оюн көрсөтө алышты. Беттештин ортосунда Азамат аттуу жигит трибунага "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген жазуу менен плакат жайдырып, кызынын колун сураганга жетишти.

Бүйүр кызыткан беттеште Кыргызстан курама командасы Бангладешти 4:1 эсебинде утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды.

1 / 17
Кыргызстан менен Бангладеш курама командасынын оюну башталып жатат. Гимн, колдорун көкүрөккө койгон "ак шумкарлар"
2 / 17
Жолдоштук мелдешти көрүүгө стадионго өлкө башчы Садыр Жапаров келди
3 / 17
Оюн башталды. Беттеште Кыргызстандын курама командасы мыкты даярдыгын көрсөттү
4 / 17
Бангладештин футболчулары да кем калган жок
5 / 17
Жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өттү
6 / 17
Эсепти Алимардон Шүкүров ачты
7 / 17
Кыргызстандык спортчулар бир нече жолу чабуул койду
8 / 17
Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашты
9 / 17
Биринчи таймдын аягында стадиондо өзгөчө жаңылык болду. Анда трибунанын чыгыш тарабында "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакат жайылган
10 / 17
Бул Азамат аттуу жигиттин сүйлөшкөн кызына жасаган "сюрпризи" болду. Дал ошол жерден ал Жибек аттуу кыздын колун сурап, кучак толо гүл берди
11 / 17
Кайрадан оюн башталып, экинчи таймда кыргызстандык команда атаандашынын дарбазасына топ киргизди
12 / 17
Ошол эле учурда Бангладештин футболчулары да бир ирет топ киргизип, эсепти 3:1 кылып жаңылашты
13 / 17
Буга чейин Кыргызстандын командасы палестиналыктарды 1:0 эсебинде уткан
14 / 17
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго бул ирет 14 миңге чукул футбол сүйүүчүлөрү келди. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар
15 / 17
Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргызстан атаандаштарынын дарбазасына дагы бир топ киргизип кубантты. Эсеп 4:1
16 / 17
Жыйынтыгында алар эки команданы утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды
17 / 17
Кыргызстандык футболчулар кызыктуу оюн көрсөттү