Чүйдө 37 жаштагы Таалайбек изделип жатат. Милиция элге кайрылды

Жоголгон жаран үч аптадан бери дайынсыз болуп жатат. Туугандары милицияга арыз жазып, көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнүшүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунун милициясы 12-августтан бери дайынсыз болуп жаткан 37 жаштагы Таалайбек Шаршеналиевди издеп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер органына 40 жаштагы Ш.Г. аттуу аял кайрылып, тууганы, 37 жаштагы Таалайбек Шаршеналиевди табууга жардам сураган. Анын айтымында, Таалайбек ушул жылдын 12-августунда Арашан айылынын Бектембаев көчөсүндөгү үйдөн эртең мененки саат 10:00дө чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Чүйдө 37 жаштагы Таалайбек изделип жатат. Милиция элге кайрылды

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай, чачы кара, көзү күрөң, делдең кулак, кырдач мурун.

Үстүнө көк түстөгү спорттук костюм, ак сызыгы бар кара спорттук шым кийип жүргөн.

ОИИББ бул жаранды көргөн билгендер болсо 0(312) 36-35-23, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(504) 77-22-77 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.