Күү укканды сагындыңызбы? Эртең Бишкекте "Таңшы комуз" иш-чарасы өтөт

Майрамдык салтанатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы жана КТРК менен биргеликте уюштурууда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Эртең, 9-сентябрда, комуз күнүнө карата "Таңшы комуз" иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан кабарлады.

Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында болуучу майрамдык салтанатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы жана КТРК менен биргеликте уюштурууда.

Иш-чарага белгилүү комузчулар, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин "Акак" комузчулар ансамблинин жана Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздары катышат.

Ал түз эфирде "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу көрсөтүлмөкчү.