Бишкекте массалык флешмоб өткөрүлдү. Сүрөт

Бийчилер тобу мектеп окуучулары, эстрада жылдыздары жана медицина кызматкерлери менен биргеликте бишкектиктерди эмдөө кампаниясына активдүү катышууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте жалпы массалык эмдөө акциясынын алкагында "Эмдөөдөн өт, өзүңдү жана жакындарыңды корго" деген чакырык менен флешмоб өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаардагы Курманжан датка эстелигинин жанында медицина кызматкерлери, "Жетиген" ансамбли жана № 28 мектеп лицейдин окуучулары чогулушту. "Азия Молл", ГУМ соода борборлорунда жана Жеңиш аянтында өткөн флешмобго "Дарика" бийчилер тобу жана "Каухар" ансамбли катышты. Ал эми "Томми" соода-көңүл ачуу жайында ата мекендик эстрада ырчылары ырдашты. Шаардыктарга эмдөөдөн өтүүнүн пайдасы, коронавирус пандемиясын жеңүүдө жана вакцина алуу жалпы жамааттык иммунитетти калыптандырууда маанилүү экенин түшүндүрүштү. Флешмобго шаардагы бейтапканалардан 420 кызматкер тартылды.

Мэрия акциянын алкагында каттоосу бар жана каттоого тура электерди акысыз медициналык кароодон өткөрүү уюштурулганын эске салды.