Бейшембиге карата аба ырайы

9-сентябрда өлкө аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бейшембиде айрым аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32, Таласта +20…+25, Нарын өрөөнүндө +26…+31 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +30…+32 градуска жогорулайт.