Кыргызстан Танк биатлонунда чемпион болгон жоокерлерди тосуп алды. Сүрөт

Тосуп алуу аземине коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Нурлан Кирешеев катышып, экипаждын бардык мүчөлөрүнүн жогорку даярдыгын баалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. 7-сентябрга караган түнү "Кант" авиабазасында Танк биатлонунда чемпион болгон кыргызстандыктарды тосуп алуу салтанаты өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тосуп алуу аземине коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Нурлан Кирешеев катышкан. Ал экипаждын бардык мүчөлөрүнүн жогорку даярдыгын баалады.

"Биргелешкен иштин жыйынтыгында биздин танкисттер жеңүүчү болушту. Алар кайрат берип, шыктандырып, бекем ишенич менен биринчи орунду камсыз кылышты", — деген Кирешеев.

Танк биатлонунда чемпион болгон кыргызстандык аскерлер сыйланды. Сүрөт
Тосуп алуу аземи концерт менен коштолуп, андан соң оюндун катышуучулары аскер бөлүгүнө кетишкен. Жеңүүчүлөр Коргоо министрлигинин аскердик санаторийинде эс ала турганы кошумчаланды.

Эске салсак, 3-сентябрда Россияда өткөн эл аралык "АрМИ-2021" танк биатлонунда кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундда жыйынтыктап чемпион аталган. Экинчи орунду Тажикстан (2:20:03), үчүнчүнү Мьянма (2:28:05), төртүнчүнү Түштүк Осетия (2:29:06) ээлеген.