БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Алдыдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын саны өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Кечээ күнү БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин жана башкалардын катышуусу менен жумушчу топтун жыйыны өткөн.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо менен референдумда 28 мамлекетте 48 шайлоо участкасы түзүлгөн. Тышкы иштер министри жарандарга ыңгайлуу болсун деп шайлоо участкаларынын санын 57ге жеткирүүнү сунуштады.
Алар каерде ачылышы мүмкүн:
- Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск (Россия);
- Нью-Йорк жана Чикаго (АКШ);
- Анталья (Түркия);
- Кальяри (Италия).
Муну менен Россияда участкалардын саны 20га чейин өсүшү мүмкүн: Москвада беш, Санкт-Петербургда, Екатеринбургда, Новосибирскиде, Владивостокто, Красноярскиде, Иркутскиде, Якутскиде, Түштүк-Сахалинскиде, Сургутта, Тюменде, Краснодарда, Самарада, Казанда, Томскиде жана Хабаровскиде бирден.
Германияда (Берлин, Франкфурт жана Бонн), АКШда (Вашингтон, Нью-Йорк жана Чикаго), Түркияда (Анкара, Стамбул жана Анталья) үчтөн участка ачылат.
Ашхабадда (Түркмөнстан), Бакуда (Азербайжан), Брюсселде (Бельгия), Венада (Австрия), Дохада (Катар), Душанбеде (Тажикстан), Женевада (Швейцария), Исламабадда (Пакистан), Киевде (Украина), Куала-Лумпурда (Малайзия), Лондондо (Улуу Британия), Минскиде (Беларусь), Нью-Делиде (Индия), Парижде (Франция), Сеулда (Түштүк Корея), Ташкентте (Өзбекстан), Тегеранда (Иран), Токиодо (Япония), Эль-Кувейтте (Кувейт) жана Эр-Риядда (Сауд Аравия) бирден участка ачылат.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.