Эстен тандыра муунтуп. UFC жай айындагы мыкты сабмишендердин видеосун чыгарды

UFC Russia уюму өзүнүн YouTube каналына жай айында өткөн Ultimate Fighting Championship мелдештериндеги мыкты сабмишендердин (багынып берүү) жыйнагын чыгарды.
Sputnik

Роликте таймашка чыккан мушкерлер бири экинчисин муунтуп эстен тандырган, колун же бутун кайрып жеңилүүгө аргасыз кылган учурлар камтылган. Арасында Хабиб Нумагомедовдун командалашы Ислам Махачевдин атаандашы Тиагу Мойзести муунтуп уткан учуру бар.