Кыргызстан менен Бангладеш футболчуларынын оюнун көрүүгө Садыр Жапаров келди

Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо старт алды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы менен Бангладеш футболчуларынын беттеши башталды. Кыргызстандык футболчуларды колдоо үчүн стадионго өлкө башчы Садыр Жапаров да келген.

Кыргызстан менен Бангладеш футболчуларынын оюнун көрүүгө Садыр Жапаров келди

Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн ордо калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо старт алып, эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө. Буга чейин Кыргызстандын футболчулары палестиналыктарды 1:0 эсебинде уткан.