Футбол: Кыргызстандын Бангладеш менен ойной турган командасынын курамы

Бул ата мекендик спортчулар үчүн "Үч улуттун кубогу" мелдешинин алкагындагы экинчи беттеш. "Ак шумкарлар" биринчи оюнда палестиналыктарды 1:0 эсебинде жеңген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу Кыргызстандын Бангладешке каршы ойной турган команданын курамындагы оюнчулардын тизмесин жарыялады.

Эске салсак, оюн бүгүн, 7-сентябрда, саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Бул ата мекендик спортчулар үчүн "Үч улуттун кубогу" мелдешинин алкагындагы экинчи беттеш. "Ак шумкарлар" биринчи оюнда палестиналыктарды 1:0 эсебинде жеңип алган.

Капитан катары жарым коргоочу Турсунали Рустамов чыкты. Мурдагы оюнда Фархад Мусабеков капитан болгон.