Мерьем Узерли, Марк Дакаскос, Стивен Сигал... Кыргызстанга кайсы жылдыздар келген?

Sputnik

Кыргызстанга дүйнөлүк кино, сахна жылдыздары негизинен өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин көп келе баштаган. Алардын арасында кино жылдыздар, музыканттар, белгилүү аткаруучулар, саясатчылар бар.

1 / 24
Түркиялык "Даңазалуу доор" сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Бишкекке Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу менен келди.
2 / 24
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна сыйлуу конок болуп келген Стивен Сигал. Чолпон-Ата шаары, 2016-жыл
3 / 24
Америкалык актёр, каскадёр Марк Дакаскос менен режиссёр Геннадий Базаров, актёр Марат Алышпаев. Дакаскос буга чейин бир нече жолу Кыргызстанда болгон
4 / 24
Америкалык белгилүү актер Кэри Хироюки Тагава Ысык-Көлдө 2007-жылы уюштурулган кинофестивалга сыйлуу конок болуп келген
5 / 24
Белгилүү спортчу Хабиб Нурмагомедов өткөн айда Ысык-Көл жээгинде Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин өткөргөн.
6 / 24
"Гарри Поттер" кинофильминде Волан-де-Морттун ролун аткарган британиялык Рейф Файнс Кыргызстанга 2003-жылы ЮНИСЕФ уюму менен келген
7 / 24
Кыргызстанга 1999-жылы кикбокс боюнча чемпионатка кытайлык белгилүү актер, культурист, согуш өнөрүнүн чебери Боло Енг да келген
8 / 24
Британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид (Craig David) 2013-жылы Бишкекте концерт койгон
9 / 24
Атактуу америкалык рэппер, музыкалык “Грэмми” сыйлыгынын төрт жолку ээси Нелли да 2013-жылы борбор калаада концерт коюп кеткен
10 / 24
КРге 2013-жылы америкалык математик, экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Нэш да келген
11 / 24
Белгилүү актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен. Америкалык актёр өлкөгө "Чыңгыз хан" тасмасына тартылуу үчүн келген
12 / 24
Франциялык атактуу Ottawan музыкалык тобу 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылуу аземине келип чыгармаларын аткарган. Ага чейин 2015-жылы КРдин эгемендүүлүк майрамына да келип ырдап кеткен
13 / 24
Легендарлуу "Санта-Барбара" сериалындагы Мейсон Кепвеллдин ролун аткарган белгилүү актёр Лэйн Девис Бишкектин көчөлөрүндө
14 / 24
Кикбоксинг боюнча өткөн мелдешке белгилүү актриса, спортчу Синтия Ротрок да мейман катары чакырылган
15 / 24
КРдин эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил, 1992-жыл, Чүй облусу
16 / 24
Италиялык таланттуу ырчы Риккардо Фольи да биздин өлкөгө келип кеткен
17 / 24
Англиялык режиссёр Кен Эннакин менен Төлөмүш Океев тарткан "Чыңгыз хан" тасмасында Оскар сыйлыгынын лауреаты Чарлтон Хестон да роль жараткан
18 / 24
Атактуу актриса Жулия Никсон 1990-жылдардын башында Кыргызстанда мейман болуп тасмага түшкөн
19 / 24
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев менен Бишкектеги жолугушууда
20 / 24
Европалык актриса Наташа Ренье. Ал Кыргызстанда "Аталар керээзи" тасмасында роль аткарган. Актриса кыргыз жигитти сүйүп калып, элетке келип жашаган чет элдик келиндин образын жараткан
21 / 24
Кикбоксинг боюнча дүйнөгө белгилүү спортчу, Голливуд жылдызы Дон Уилсон. Ал кесиптештери Синтия Ротрок, Боло Янг менен Бишкекте өткөн кикбоксинг боюнча мелдеште сыйлуу конок болгон жайы бар
22 / 24
УЕФАнын экс-президенти Мишель Платини 2012-жылы Кыргызстанга келип, кыргыз футболчулардын беттешине күбө болгон
23 / 24
Ал эми Эл аралык футбол федерациясынын экс-президенти Йозеф Блаттер 2014-жылы Бишкекке келип кеткен.
24 / 24
1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор атайын келген