Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө ачылды

Razzakov. archive.kg сайтындагы онлайн-көргөзмөдө мамлекеттик ишмердин жашоосунун негизги этаптары жана коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мамлекеттик архив агенттиги көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө уюштурду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Онлайн-экспозиция коомчулукту XX кылымдын белгилүү мамлекеттик ишмеринин жашоосу менен тааныштыруу максатында даярдалган.

"Тарыхый-даректүү көргөзмө Борбордук мамлекеттик архивдин коомдук-саясий документация фондундагы документтердин негизинде түзүлдү. Онлайн-көргөзмө "Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлери" көргөзмө сериясынын алкагында уюштурулууда", — деп айтылат маалыматта.

Razzakov.archive.kg сайтында Исхак Раззаковдун жашоосунун негизги этаптары жана коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылган.