Стадиондо футбол көрүп, спортчуларды колдоп отурган Садыр Жапаров. Сүрөт

Учурда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладештин спортчулары менен беттешип жатат. Азыркы тапта ата мекендик спортчулар 2:0 эсеби менен алдыда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Бангладеш курама командаларынын футболдук беттешине өлкө башчы Садыр Жапаров күбө болууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирип, Facebook баракчасына анын стадиондогу сүрөтүн жарыялады.

Стадиондо футбол көрүп, спортчуларды колдоп отурган Садыр Жапаров. Сүрөт

Жапаров футболчуларга кол булгалап отурганын көрүүгө болот. Анын сол тарабынан мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев орун алган.

Футбол: Кыргызстандын Бангладеш менен ойной турган командасынын курамы
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладештин спортчулары менен беттешип жатат. Азыркы тапта ата мекендик спортчулар 2:0 эсеби менен алдыда.

Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашууда.

Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө. Буга чейин Кыргызстандын футболчулары палестиналыктарды 1:0 эсебинде уткан.