Дарыгер ичеги рагына себепкер боло турган азыкты атады

Медик оорунун белгилерин күтүп отурбай, 50 жаштан кийинкилерге колоноскопия жасатып коюуну эскертти. Себеби бул куракка чейинкилерде аталган илдет сейрек кездешет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Малдын эти жоон ичегинин рагына себепкер болушу мүмкүн экендигин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адис аталган этти көп колдонуу тобокелдикти жаратарын билдирип, андан жасалган азыктардын түрлөрүн санап да берген.

"Ал баягы эле белгилүү болуп калган азык — малдын эти. Буга колбасалар, ветчиналар, сарделькилер, сосискалар, бекондор кирет", — деген Мясников.

Дарыгер чочконун, койдун, уйдун этин да атаган.

"Онкологдор бул этти тамеки, ичимдик жана химикат сыяктуу кооптуу заттар менен бир катарга коюп келишет", — деп белгилеген дарыгер.

Мясников ичеги рагына тукум куучулук менен жоон ичегинин былжырларынын сайгылашып ооруткан жарасы да себеп болорун айтты.

Мындан сырткары, медик дагы бир кеңеш берип, оорунун белгилерин күтүп отурбай, 50 жаштан кийин колоноскопия жасатып коюуну эскертти. Себеби бул жашка чейин аталган илдет сейрек кездешет.