Афганистан: Нангархарда "Ислам мамлекетинин" 80 согушкери кармалды

Маалыматта талибдердин акыркы үч күндө үймө-үй кыдырып, "Ислам мамлекетине"* тиешеси барларды аныктоо боюнча рейд өткөргөнү айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Афганистандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын бийлиги "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун 80 согушкерин камаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Талибан"* күчтөрү акыркы күндөрү "Ислам мамлекетинин"* 80ге чукул согушкерин камакка алды", — деп билдирген аталган провинциянын губернатору Мавлави Мохаммад Надим.

РИА Новостиге провинциянын жашоочусунун бири талибдер акыркы үч күндө үймө-үй кыдырып, "Ислам мамлекетине"* тиешеси барларды аныктоо боюнча рейд өткөргөнүн айткан. Анын жыйынтыгында алты кишини камаган.

ЖМК: талибдер Кабулда антипакистандык акцияга чыккандарды таратуу үчүн ок чыгарды
Кулатылган өкмөттүн өкүлүнүн маалымдаганына караганда, талибдер акыркы аптада Желал-Абад провинциясынын административдик борборундагы "Ислам мамлекетине"* тиешеси болушу мүмкүн делген алты окуу жайын жапкан.

Буга чейин кыймылдын өкүлү Мухаммед Наим РИА Новостиге берген маегинде, кыймыл "Ислам мамлекети"* тарабынан болгон кооптуулукка байланышкан кырдаалды көзөмөлдөп турарын айткан. Алардын дагы бир өкүлү Забиулла Муджахид "Ислам мамлекетинин"* Афганистанда активдешине мүмкүнчүлүк бербей тургандыктарын билдирген эле.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.