УКМК баңгизат сатуу боюнча ири канал түзгөн топту аныктап, бир мүчөсүн кармады

Учурда башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин каналдарына бөгөт коюу иштери уланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ошто баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

УКМК баңгизат сатуу боюнча ири канал түзгөн топту аныктап, бир мүчөсүн кармады
"4-сентябрь күнү УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу Нариман айылынын тургунун кармады. Ал 1 килограмм өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан топ Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн.

Учурда андагы башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин каналдарына бөгөт коюу иштери уланууда.