Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады

Бүгүн Ош шаарында калаа жетекчисинин орун басарлары алмашты. Дайындоолор боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ош шаарында мэрге жаңы орун басарлар дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.

Калаа жетекчисинин биринчи орун басары болуп Марс Исаев бекитилди. Исаев буга чейин Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон. Биринчи вице-мэрлик кызматты Замир Юсупов аркалап келген.

Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады

Андан тышкары, Сонунбек Жунусбаев үч айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектемей болду. Бул милдетти ага чейин Асылбек Топчубаев аткарган.

Ош мэри Алмаз Мамбетов өзүнө жаңы орун басарларды дайындады

Дайындоолор боюнча буйрукка бүгүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.