Марипов шайлоого даярдануу, кыш камын көрүү боюнча министрлерге тапшырма берди

Марипов Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча даярдык иштеринин сапаттуу жүрүшү маанилүү экендигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Марипов жыйын алдында мүчөлөргө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиевди тааныштырып, ага жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалады.

Кеңешменин жүрүшүндө төрага Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча даярдык иштеринин майнаптуу жүрүшү маанилүү экендигин белгиледи.

"Парламенттик шайлоону уюштурууга жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүү, ошондой эле тийиштүү уюштуруу иштерин жүргүзүү зарыл", – деп белгилеген ал.

Өкмөт ишкер, инвесторлорду колдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитти
Мындан тышкары, күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү боюнча бардык даярдык иштерин жыйынтыктоону тапшырды.

"Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү керек. Ошондой эле күйүүчү майга тийиштүү учурдагы маселелерди чечүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү", – деген Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилген.