Былтыр өлкөдө электр энергиясы 1,9 пайызга көбүрөөк өндүрүлдү

Жалпы көлөмдүн 91 пайызга жакыны гидроэлектр станциялары тарабынан өндүрүлгөн. Ошол эле учурда 15,5 миллиард кВт саат электр энергиясы сарпталды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. 2020-жылы энергетика тармагынын ишканалары тарабынан 15,4 миллиард кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,9 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитети маалымдады.

Жалпы көлөмдүн 91 пайызга жакыны гидроэлектр станциялары тарабынан өндүрүлгөн. Ошол эле учурда 15,5 миллиард кВт саат электр энергиясы сарпталды.

"Былтыр электр энергиясынын жарымынан көбү (53 пайызы) өнөр жайдын үлүшүнө туура келди. Мунун ичине үй тиричилигине жана калкка бөлүштүрүлгөн көлөм дагы кирет. 26 пайызы айыл чарбасына туура келди, ал эми башка тармактарга калган 21 пайызы кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал ортодо жоготуулар дагы болбой койгон жок. Жыл ичинде жалпысынан 2,4 миллиард кВт саат электр тогу жоголду. Анын 99,5 пайызы технологиялык жоготууларга туура келди.