ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Көлдө машыгуудан өттү. Сүрөт

Эртең, 7-сентябрда, "Эдельвейс" полигонунда ЖККУнун "Рубеж-2021" деп аталган аскердик машыгуусу башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн машыгуусу өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.  

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Көлдө машыгуудан өттү. Сүрөт

Аскердик окуу "Эдельвейс" борборунда болгон. Ага ЖККУнун коргонуу ведомстволорунун аскердик бөлүктөрү катышкан.

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Жапаров менен жолукту
Эми полигондо 7-9-сентябрда "Рубеж-2021" деп аталган аскердик машыгуу башталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, ЖККУнун катчылыгы менен бириккен штабынын аскерлери жана ыкчам топтору катышмакчы. 

Башкы максат — ЖККУнун аскерлерди башкаруу органдарынын (жамааттык күчтөр) жетекчилеринин иш тажрыбасын жогорулатуу. Ошондой эле биргелешкен операцияда берилген тапшырмаларды аткаруудан сырткары аскердик бөлүктөрдүн эриш-аркак иштешүү чеберчилигин арттыруу экени айтылды.